7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пиротехникалык рейд: Мыйзамсыз фейерверк саткандар кармалат

6

Жаңы жылдык майрамдардын алдында өлкө аймагында жарандардын коопсуздугун камсыздоого жана укук бузуулардын алдын алууга багытталган «Пиротехника» рейди өтүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМ кызматкерлери пиротехникалык буюмдарды мыйзамсыз сатууга жана колдонууга көзөмөлдү күчөтүүдө. Рейддин негизги максаты пиротехниканы колдонуу менен байланышкан өрттөрдүн, жаракаттардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу.

Рейддик иш-чаралар базарларда, соода түйүндөрүндө жана жарандар көп чогулган жерлерде өткөрүлүүдө.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө пиротехникалык буюмдарды мыйзамсыз сатуу фактылары, ошондой эле аларды сактоонун жана сатуунун белгиленген эрежелерин бузуулар аныкталып, бөгөт коюлууда.

ИИМ жарандарды пиротехниканы колдонууда коопсуздук чараларын катуу сактоого, буюмдарды уруксат берилген жерлерден гана сатып алууга, сапат тастыктамаларын жана колдонуу боюнча нускамалардын болушуна көңүл бурууга, ошондой эле мыйзамсыз соодага катышпоого чакырат.

Эскерте кетсек, пиротехникалык буюмдарды мыйзамсыз сатуу жана колдонуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

7