7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Юрий Бобков тез арада операцияга муктаж

372

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетекчиликтин атынан Кыргыз Республикасынын эл артисти, «Досум-Үсөн» эстрадалык тобунун жетекчиси, ошондой эле «Ырдайлы кыргыз ырларын!» эл аралык фестивалынын координатору Юрий Бобковдун абалынан кабар алып, материалдык колдоо көрсөттү.

Учурда Юрий Бобков ден соолугуна байланыштуу Улуттук кардиология борборунда дарыланууда жана жүрөк оорусуна байланыштуу операцияга муктаж.

Эдил Байсалов Юрий Бобковдун көп жылдар бою кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп, улуттук музыкалык искусствону сактоо жана жайылтуу багытында үзүрлүү эмгектенип келе жатканын белгилеп, жаңы жылы менен куттуктап, тез арада сакайып кетишине тилектештигин билдирди.

373