7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр текшерүүдөн кийин Улуттук кардиологиялык кызматтын 2 жетекчисин кызматтан бошотту

15

2026-жылдын 12-январында Саламаттык сактоо министрлигинде министр Каныбек Досмамбетовдун төрагалыгы алдында М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна (УКТБ) жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтуна (ЖХОТИИИ) жүргүзүлгөн көчмө текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча кеңешме болуп өттү.

Тактап айтканда, УКТБда жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандарга шашылыш медициналык жардам көрсөтүүнү уюштурууда бир катар олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды. Анын ичинде ангиографиялык жабдуулардын токтоп турушу, коронароангиографияны жүргүзүүдөгү кечигүүлөр, реанимация бөлүмдөрүндө эхокардиографиянын 24/7 режиминде жеткиликсиз болушу белгиленди. Ошондой эле өз убагында маршрутташтыруунун жана тармактар аралык консилиумдардын жоктугу курч коронардык синдром менен ооругандардын дарылоо жыйынтыгына терс таасирин тийгизип жатканы айтылды. Мында техникалык мүмкүнчүлүктөр болгонуна карабастан, баштапкы ТАКК (тери аркылуу коронардык кийлигишүү) толук колдонулган эмес.

Өзүнчө ангиографтар бар шартта тромболизис ыкмасын колдонуу маселеси талкууланды. Эл аралык стандарттарга ылайык, ангиограф жана сутка бою иштеген командасы бар борборлордо тромболизис колдонулбайт, анткени ТАКК “алтын стандарт” болуп саналат. Ушуга байланыштуу министр УКТБнын тромболизис үчүн дары-дармектерди 28 млн сомго сатып алуу боюнча өтүнмөсүнүн максатка ылайыктуулугуна күмөн саноо билдирди.

Министр ошондой эле дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды сатып алууда коррупциялык көрүнүштөргө жана УКТБнын директору Талантбек Сооронбаевдин жеке жоопкерчилигине көңүл бурду. Анын акыркы эки жылда 45 жолу (дээрлик айына эки жолу) чет өлкөгө чыккандыгы, ошондой эле болжол менен 2 млн АКШ долларына бааланган мүлк боюнча суроолор берилди.

ЖХОТИИИде медициналык жабдууларды жана сарпталуучу материалдарды сактоо жана колдонууда мыйзам бузуулар аныкталды. Буга чейин өрт чыккан негизги имараттагы кардиохирургиялык жабдуулар тиешелүү шартта сакталбай, курулуш чаңына көмүлгөн абалда турганы белгиленип, техниканын ишке жарактуулугу жана анын сакталышына ким жооп берери боюнча суроолор жаралды. Мындан тышкары, каражаттар бөлүнгөнүнө карабастан, реанимация бөлүмдөрүн УЗИ жана ЭХО аппараттары менен кошумча жабдуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров тарабынан берилген тапшырмасы аткарылган эмес.

Министр Институттун директору Самидин Шабыралиев тарабынан операция жасалган айрым бейтаптардын кийин татаалдашуулар менен кайрадан жеке кардиохирургиялык клиникаларга кайрылуу учурлары көбөйгөнүн белгиледи.

Кеңешмеде эки борбордун ортосундагы системалуу өз ара аракеттенүүнүн жоктугу маселеси да көтөрүлдү. Курч коронардык синдром менен ооругандар жардамды кечигип алып жатканы, ошол эле учурда ангиографтар бош туруп калганы айтылды. Ал эми мекемелер ортосунда түз байланыш түзүү аркылуу толук кандуу маршрутташтырууну уюштурууга мүмкүнчүлүк бар экени белгиленди. Ушуга байланыштуу министр ЖХОТИИИнин профилин жана инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен УКТБда кардиохирургияны кайталоо экономикалык жактан негизсиз экенин баса белгиледи.

Министр кардиохирургияда клиникалык протоколдордун жоктугу, жабдуулардын токтоп турушу жана диагноздун өз убагында коюлбашы түздөн-түз өлүм көрсөткүчүнүн өсүшүнө алып келерин белгилеп, эки мекеменин жетекчилигинин ишине канааттанбастыгын билдирди.

«Жабдуулар иштебей туруп калса, процесстер уюштурулбаса, ал эми өлүм көрсөткүчү өсүп жатса — бул техника маселеси эмес, ишке болгон мамиле. Бул сиздердин абийириңиздерде», — деди министр.

Кеңешменин жыйынтыгында министр кыска мөөнөттө ЖХОТИИИни зарыл медициналык жабдуулар менен толук камсыздоону, ал эми УКТБда реанимация бөлүмдөрүндө эхокардиографияны сутка бою жүргүзүүнү камсыз кылууну жана ангиографтарды клиникалык протоколдорго так ылайык колдонуп, тромболизисти негизсиз пайдаланбоону тапшырды.

Кеңешменин жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузууларга жана ээлеген кызматтарына ылайык келбегендикке байланыштуу эки мекеменин тең жетекчилери өз ыктыяры менен кызматтык ыйгарым укуктарын тапшырышты. Министр борборлордун жетекчилигине жаш, бирок тажрыйбалуу, анын ичинде чет өлкөдө чоң иш тажрыйбасы бар адистердин талапкерлиги караларын белгиледи.

Министрлик жүрөк-кан тамыр ооруларынан болгон өлүмдү азайтууга, кардиологиялык кызматтардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана бул тармакка бөлүнгөн мамлекеттик ресурстарды рационалдуу пайдаланууга багытталган иштерди улантат.

 

16