7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө айыл чарба багытындагы жерлердин саны азайып жатат

323

Чүй облусунда айыл чарба багытындагы жерлердин саны азайып жаткандыгы облустук администрациянын бүгүнкү жыйынында айтылды.

Маалымдалгандай, мындай көрүнүш улана берсе жакынкы 5-10 жылдан кийин азык-түлүк коопсуздугуна чоң залакасын тийгизмекчи.

Жыйында президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов замандын талабы боюнча тескерисинче азык-түлүк коопсуздугун эске алып бул кадамдарды токтотуу керек экендигин белгиледи.

“Айрыкча акыркы жылдары жаз айларында суунун жетишсиздиги курч маселеге айланууда. Табигый өзгөрүүлөргө байланыштуу суунун көлөмү жылдан-жылга азайып, бул айыл чарба өндүрүшүнө түздөн-түз терс таасирин тийгизүүдө. Эгерде бул багытта комплекстүү жана системалуу иш жүргүзүлбөсө, аталган маселе жыл сайын ого бетер курчуй берет. Ошондуктан алдын ала чараларды көрүү, бүгүндөн баштап так жана натыйжалуу кадамдарды жасоо зарыл”,- деди Осмонов.

Ошондуктан ал Чүй облусунун ири жана стратегиялык тармактарынын бири катары “Чүй агро” долбоору кабыл алынгандыгын кошумчалады.

324