7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тигүү жана текстиль тармагы үчүн жаңы жеңилдиктер

21
Салык кызматы 2025-жылдын 31-декабрындагы Мыйзамга ылайык тигүү жана текстиль өнөр жайынын субъекттери үчүн киреше салыгынын ставкалары жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөтүлгөнүн маалымдайт.
Мыйзамга ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тартып бул тармактагы ишкерлер ар бир кызматкер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн орточо айлык эмгек акынынын 40 пайызынын 12 пайызы өлчөмүндө төлөшөт. Бул сумма 2 115,5 сомду түзөт. Ошондой эле киреше салыгы орточо айлык эмгек акынын 1 пайызы өлчөмүндө болуп, 440,7 сомду түзөт. Бир кызматкер үчүн жалпы төлөмдөрдүн суммасы 2 556,2 сомду түзөт.
Белгилей кетсек, 2026-жылы орточо айлык эмгек акы 44 070 сомду түзөт. Бул өзгөртүүлөр ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого, салыктык жүктү азайтууга, салыктык башкарууну жакшыртууга, ошондой эле өндүрүштү өнүктүрүү, продукциянын ички жана тышкы рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, жумуш менен камсыздоону стимулдаштыруу жана тармактын экспорттук потенциалын өстүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
22