13-январда Ош облустук балдар клиникалык ооруканасынын клиникалык-диагностикалык бөлүмүндөгү кезек күтүүлөр чагылдырылган видео тараган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Мекеменин директору Жыргалбек Төлөров мындай көрүнүш адатта, дем алыш жана майрам күндөрүнөн кийин байкаларын түшүндүрдү.
«Бул күндөрү амбулатордук жардам алуу жана адистердин консультациясына кайрылгандардын агымы кескин көбөйөт. Дал ушундай жүктөм бүгүн, 13-январда да катталып, 600 амбулатордук кайрылуу болгон. Ал эми 12-январда клиникалык-диагностикалык бөлүм аркылуу болжол менен 800 бала өткөн», — деди ал.
Ошол эле учурда оорукананын пландуу кабыл алуу үчүн жетиштүү инфраструктурасы бар: 18 дарыгердин кабинети иштейт, үч каттоо бөлүмү, 2 касса жана 2 терминал бар. Таңкы сааттарда талон алуу учурунда каттоодо кезектер түзүлүшү мүмкүн, бирок саат 11:00гө жакын агым бөлүштүрүлүп, адатта кезек азаят же жок болуп калат. Директордун айтымында, өзүнчө көйгөй — айрым ата-энелер Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылбастан жана жолдомосуз түз эле стационарга келишет. Ош облустук балдар клиникалык ооруканасы үчүнчү деңгээлдеги медициналык мекеме болуп саналат жана анын клиникалык-диагностикалык бөлүмү баштапкы кайрылуулар үчүн каралган эмес.
«Ошол эле маалда КДБ менен катар мекемеде адистештирилген кызматтар штаттык режимде иш алып барат: травмпункт, ЛОР-бөлүмү, хирургия, реанимация, ОПН жана ОКП бөлүмдөрү. Бул бейтаптарды профили боюнча ыкчам бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.Жүктөмдүн жогору болушуна карабастан, дарыгерлер балдарга жардам көрсөтүүдөн баш тартышпайт — кайрылган бардык балдар консультация алып, зарыл медициналык жардам көрсөтүлөт», — деди директор.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



