7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйгө жаңы 12 даана трансформатордук көмөкчордондор орнотулду

288

«Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы Чүй электр тармактары ишканасы электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Чүй облусунун аймагында кошумча трансформатордук көмөкчордондорду (ТКЧ) орнотуу иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Атап айтканда:
— Сокулук районунун Нижний-Чүй айылына – 1 даана,
— Ак-Ордо жаңы конушуна – 4 даана ТКЧ,
— Панфилов районунун Орто-Арык айылына – 1 даана, Панфилов айылына – 1 даана,
— Кемин районунун Алмалуу айылына – 1 даана,
— Кант шаарына – 2 даана,
— Москва районунун Ак-Суу айылына – 1 даана,
— Аламүдүн районунун Лебединовка айылына – 1 даана.

Жалпы облус боюнча 12 даана кошумча трансформатордук көмөкчордондор орнотулду.
Бул иштер керектөөчүлөрдү күз-кыш мезгилинде туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле мүмкүн болгон авариялык абалдардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

289