7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө никеге туруу үчүн 18 жаштагы кызды ала качкандар кармалды

19

Чүй облусунда кызды никеге туруу максатында ала качууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-январда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Кожомкул айылынын 2007-жылы туулган С.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында аталган күнү болжол менен саат 00:30 чамасында «Н» аттуу чала таанышы никеге туруу максатында “Step Wagon” үлгүсүндөгү автоунаага күчтөп отургузуп, уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 172-беренеси (Никеге туруу максатында ала качуу) менен кылмыш иши козголгон.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2001-жылы туулган Б.Н. жана 2002-жылы туулган Ш.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

20