Бүгүн, 16-январда өлкө аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдайт.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3… +2, күндүз +1… +6;
Талас жергесинде түнкүсүн -3… +2, күндүз +2… +7;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3… 2, күндүз +5… +10;
Нарын аймагында түнкүсүн — 20… -25, күндүз -8… -13;
Ысык-Көлдө -1… -6, күндүз 0… +5;
Бишкек шаарында түнкүсүн -1… +1, күндүз 4… +6 градус болот.



