Кыргызстанда насыя алууга өзүнө-өзү ыктыярдуу тыюу салуу механизми иштей баштаганына бир жыл болду.
Улуттук банктан билдиргендей, бул мүмкүнчүлүктү бир жыл ичинде 304,9 миң жаран пайдаланган. Учурда 200,1 миң жарандын чектөөсү активдүү бойдон калууда. Тыюу дароо күчүнө кирет, ал эми аны алып салуу арыз берилгенден 12 саат өткөндөн кийин ишке ашат.
Бул механизм жарандардын макулдугусуз алардын атына насыя алуунун алдын алууга багытталган. Кызматты “Түндүк” тиркемеси аркылуу акысыз активдештирүүгө болот.



