Талас облустук музыкалык драма театрынын чыгармачыл жамааты 1–8-ноябрь күндөрү Россия Федерациясында гастролдук сапарда болууда.
Маданият министрлиги билдиргендей, гастролдук сапардын алкагында кыргыз элинин тарыхындагы баатырдык эрдикти даңазалаган “Чолпонбай” спектакли 3-ноябрда Воронеж шаарында, 5-ноябрда Нововоронеж шаарында жана 7-ноябрда Лискинск районунда көрсөтүлөт.



