7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Зергерчилик тармагы үчүн салыктык жеңилдиктер

2
Мамлекеттик салык кызматы зергерчилик тармагындагы ишкердик субъекттери үчүн Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык бир катар салыктык жеңилдиктер берилгенин маалымдайт.
Аталган Мыйзамга ылайык, зергерчилик өндүрүшү үчүн арналган жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген жабдуулар, технологиялар, реактивдер жана жарым фабрикаттар кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдөн бошотулат.
Мындан тышкары, бул документ мурда алып келинген же өндүрүлгөн баалуу металлдардан жасалган зергер буюмдарынын калдыктарын эки айдын ичинде легалдаштырууну карайт жана легалдаштыруу мезгилинде Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө мораторий белгиленет.
Ошондой эле, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарын сыноо жана аларга тиешелүү сынамыкты тастыктаган өзүнүн эн белгиси менен эн тамга басуу функцияларын ата мекендик зергер өндүрүүчүлөргө ыктыярдуу негизде өткөрүп берүү (мамлекеттик сыноо эн белгисинен тышкары).
Мыйзамдын негизинде Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине да өзгөртүүлөр киргизилди. Тактап айтканда, зер буюмдары менен иш жүргүзүүдө атайын каттоого турбастан ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү үчүн жоопкерчилик киргизилди (айып пул: жеке жактар үчүн – 5 000 сом, юридикалык жактар үчүн – 13 000 сом).
Белгилей кетсек, бул чаралар зергерчилик тармагын колдоого, продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө, атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана өндүрүштү модернизациялоону тездетүүгө, ошондой эле заманбап технологияларды киргизүүгө жана эл аралык стандарттарга жооп берген зер буюмдарын чыгарууга шарт түзүүгө багытталган.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы Мыйзамга ылайык, зер буюмдарын өндүрүүчүлөр жана сатуучулар үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 0,25 пайыз өлчөмүндө белгиленген (буга чейин 2 пайыздан 4 пайызга чейинки ставкалар колдонулуп келген).
3