7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев «Наристе-2026» Эл аралык турнирде 1-орунду ээлеген УКМК кызматкерлерин кабыл алды

13

Бүгүн, 2026-жылдын 15-январында УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев «Наристе-2026» Эл аралык футзал боюнча турнирине катышып, байгелүү орунду ээлеген УКМК кызматкерлерин куттуктады.

Белгилүү болгондой 3-январдан 10-январга чейин Бишкек шаарында «Наристе-2026» Эл аралык футзал боюнча турнири болуп өткөн. Аталган мелдеште көптөгөн өлкөлөрдүн командалары күч сынашып, анын ичинде мамлекеттик күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, спорт ышкыбоздору жана 35 жаштан жогорку футбол ардагерлери жогорку чеберчилигин көрсөтүшкөн. Мелдештин жыйынтыгында жети ар кандай категориядагы күчтүү командалар аныкталып, күч түзүмдөрүнүн ичинен КР УКМКнын курама командасы 1-орунду ээлеген.

Мындан улам, УКМК Төрагасы футзал дүйнөсүндө гана эмес, ар кандай мамлекеттер арасында спорттук байланыштарды бекемдөө үчүн маанилүү платформага айланган «Наристе-2026» Эл аралык футзал боюнча турнирине катышып, байгени багындырган УКМК курама командасынын оюнчуларына жана алардын машыктыруучуларына сыйлыктарды тапшырды.
Генерал-полковник кызматкерлерди ар дайым спорт менен жакын болууга чакырып, сергек жашоо образы спорттон башталаарын белгиледи.

Ал эми спорттук турнирлер кызматкерлердин күчүнө-күч кошуп, алардын дараметин өстүрүүгө өбөлгө болоорун кошумчалап, кызматкерлерге ийгилик жана ден соолук каалады.

14