Бүгүн, 15-январда, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас районундагы №51 кесиптик лицейге пландан тышкары барды. Бул тууралуу министрликтин маалыматында айтылат.
Министр лицейдин окуу корпусун, ашкананын ишин, жатакананын абалын жана аймагын көрүп чыгып, окуу жайдын жетекчилигине айтылган көйгөйлөрдү жөнгө салууну тапшырма берди.
Учурда лицейде айыл чарба өндүрүшүнүн устаты-фермер адистиги боюнча 90 окуучу билим алууда.



