7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Индиянын бизнес-делегациясы Кыргызстанга келүүнү пландап жатканын айтты

16

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимовдун индиялык ишкер жана маданий чөйрөнүн өкүлдөрү – Pythian Games уюмунун негиздөөчүсү Бижендер Гоэл жана Global Trade & Technology Council of India (GTTCI) уюмунун президенти Гаурав Гупта менен жолукту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-индия кызматташтыгын, анын ичинен Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелери талкууланды.

Ошондой эле 24-27-мартта Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк Дельфий оюндарына индия делегациясынын катышуусуна өзгөчө көңүл бурулду. Элчи Бешимов Гоэл менен иш-чараны уюштуруу жана логистикалык маселелери, Индиянын бай маданий мурасын таанытуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Ал эми Гаурав Гупта 2026-жылдын февраль айынын аягында GTTCI уюмунун бизнес-делегациясынын Кыргызстанга сапарын уюштуруу пландары тууралуу маалымдап, IT, айыл чарба, фармацевтика, туризм жана жашыл энергетика тармактарында өнөктөштүктү түзүү жана биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу ниетин билдирди.

Элчи тиешелүү түзүмдөр менен жолугушууларды уюштурууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

17