Москванын КМШ өлкөлөрүнө карата саясатын баалоодо Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова расмий билдирүүлөргө таянууга, иштерге карап баа берүүгө жана жалган жаңылыктарга ишенбөөгө чакырды. Бул тууралуу ал брифингде билдиргенин, ТАСС агенттиги жазып чыкты.
Анда ал журналист Владимир Соловьевдун берүүлөрүнүн биринде айткан сөзүнө токтолуп, расмий позицияларды ыйгарым укуктуу адамдар билдирерин айткан.
Ошондой эле Захарова Москванын расмий позициясын да белгилеп өткөн.
«Биздин өлкөнү тарыхый жактан Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия элдери менен жакшы коңшулук мамилелери, стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, бир туугандык достук жана кызматташтык байланыштырат. Байланыштарыбыздын өнүгүшүнө өз ара урматтоого жана ишенимге негизделген достук мамиледеги мамлекеттердин жетекчилеринин ортосундагы жакшы жеке байланыштар негиз болуп турат», — деген ал.
Захарова бул мамилелер ар кандай саммиттерде, жолугушууларда, сүйлөшүүлөрдө, басма сөз жыйындарында, маектерде, Россиянын президентинин, өкмөт башчысынын, тышкы иштер министри, коргоо министри жана бардык тармактардын министрлери тарабынан бир нече жолу айтылганын белгилеген. Дипломат ошондой эле КМШ менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) ортосундагы уланып жаткан диалогду, айрыкча ЖККУнун коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушууларынын форматын да атаган.
«Дал ушул түзүмдөр жана аларды жетектеген адамдар, ал жерде иштеген көптөгөн эксперттер биздин аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулашат», — деп айткан ал.
Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү журналисттин айтканы жеке каналдагы риторикалык суроо болушу мүмкүн экенин кошумчалаган.
“Мен цитаталарды окудум. Андагы бул сөздөр креслодогу аналитиктер тарабынан провокациялык түрдө Россиянын расмий позициясы катары көрсөтүлгөн. Мындай манипуляция жөн гана кабыл алынгыс”, — деп ырастады Захарова.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



