7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруунун мөөнөтү узарышы мүмкүн

8

Айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруунун мөөнөтү узарышы мүмкүн. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчичи Дайырбек Орунбеков социалдык тармакка жазды.

«Айдоочулук күбөлүк тууралуу толуктоо бере кетейин. Учурда, эски үлгүдөгү күбөлүктөр акысыз алмаштырылып жатат. Ага 1 ай убакыт берилди, эгер ал убакта жетишпей калгандар болсо кошумча убакыт беребиз, эч кам санабаңыздар. Элге жеңилдик болсун деп, буга чейин талап кылынып жаткан 083 медициналык справканы дагы талап кылбай турган болдук. Эмне үчүн алмаштыруу керек? Биринчиден, эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн жасалма түрү убагында кеңири тарап кеткен. Азыр деле Москвада жасап алып сатып жүргөндөр бар экени тууралуу маалыматтар бар. Көпчүлүгүнүн сүрөтү, жазуулары деле өчүп кетиптир. Экинчиден, экси күбөлүктү башка өлкөлөр дагы тааныбайт. Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү бир нече өлкө тааныйт, колдонуп жүрө бересиздер. Жаңы берилген күбөлүктөр санариптештирилет, муну менен жасалма күбөлүк даярдоого мүмкүнчүлүк берилбейт.
Толук алмаштырылып бүткөндөн кийин, мурдагы эски айдоочулук күбөлүктөр жараксыз деп табылат. Эң негизгиси акысыз жана эч кандай кошумча документтерди талап кылбай шарт түзүп берип жатабыз. Айдоочулук күбөлүктөрү санариптештирилбеген жана «Түндүк» системасында көрүнбөгөн жарандарга тиешелүү филиалдарга жеке өзү кайрылуу зарыл. Айдоочулук күбөлүктөрү «Түндүк» системасында көрүнгөн жарандарга документтерди филиалдарга барбастан, онлайн форматта алмаштырып алсаңыздар болот»,- деди ал.

 

9