Коргоо министрлигинде курал-жарак алууда келтирилген ири зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
Атайын кызмат курал-жарак жеткирүүгө байланыштуу жеткирүүчү фирмалардын (ЖЧК) бири тарабынан өлкөнүн Коргоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбоо фактысы аныктады.
Финансы министрлигинин аудиттик текшерүүсүнүн натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян 244 млн 587 миң 870 сомду (2,7 млн евро) түздү, бул сумма козголгон кылмыш ишинин жана жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында ЖЧК тарабынан толугу менен өндүрүлдү.
УКМК Коргоо министрлигинин коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган бир катар ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнү улантууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



