Өлкөдө 24-25 январь күндөрү “SOUL CONTEST” аттуу бий жана көчө маданиятын бириктирген иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
SOUL CONTEST — бул өлкөнүн бардык аймактарынан келген бийчилерди, хореографдорду жана көчө маданиятынын өкүлдөрүн бириктирген ири бий аянтчасы.
Иш-чаранын алкагында төмөнкү багыттар камтылат:
— бий баттлдары;
— кесиптик мастер-класстар;
— сахналык көрсөтүүлөр.
Долбоор заманбап хореографияны өнүктүрүүгө, бий коомчулугун бекемдөөгө жана муундар аралык чыгармачыл тажрыйба алмашууга багытталган.



