7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аскердик билеттерди санариптештирүү башталды

322

Аскердик билеттерди санариптештирүү башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Коргоо министрлигине унааларды тапшыруу аземинде билдирди.

Анда ал аталган министрлик санариптештирүүнүн биринчи этабын, документ жүгүртүүнү, жарандык кадрларды эсепке алууну жана аскердик каттоо процесстерин иретке келтирүүнү ийгиликтүү ишке ашырганын айтты.

“Аскердик каттоонун электрондук системасы беш аскер комиссариатында пилоттук түрдө ишке киргизилди. Үстүбүздөгү жылдын март айына чейин ал кошумча 25 аскер комиссариатына жайылтылат”, — деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

323