7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лейлекте жылына 50 миң тонна мунай чыгаруучу завод курулууда

855

Баткен облусунун Лейлек районуна мунай иштетүүчү завод курулууда. Бул туралуу Энергетика жана өнөр-жай министрлиги кабарлаган.

Маалыматка ылайык, чакан завод «Сафар» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан каржыланган. Учурда заводду ишке киргизүүгө байланыштуу чаралар көрүлүүдө. Ал эми «Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коому менен жылына 10 тоннага чейин мунай алуу тууралуу келишим түзүлгөн.

«Завод май айынан тарта толук кандуу иштеп баштайт. Андан кийин жылына жаңыланып, чийки затты иштетүү сыйымдуулугун арттырып турат. Жылына 50 миң тоннага чейин мунай иштеп чыгуусу күтүлүүдө. Анда дизелдик күйүүчү май жана мазут чыгарылат», — деп берилет маалыматта.

Кыргызстанда мунай иштетүүчү ишканалар: «Жунда» (Чүй, Кара-Балта), «SvRithLTD» (Жалал-Абад, Таш-Көмүр), «Токмок мунай иштетүүчү заводу» (Чүй, Токмок), «Кемин мунай иштетүүчү заводу» (Чүй, Кемин), «Кыргыз Петролеум Компани» (Жалал-Абад) жана башкалар.

Белгилей кетсек, жаңы ачылган чакан заводдо жалпы кыркка чукул кызматкер иштейт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

856