Аламүдүн дарыясынын нугунда жайгашкан «Кекеев» кафесин бузуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Натыйжада жалпы аянты 2 380 чарчы метр болгон муниципалдык жер бошотулат.
Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан эскертүү берилгенден кийин объекттин ээлери демонтаж иштерин өз ыктыяры менен башташты.
Ал эми мэриянын комиссиясы тарабынан ижара келишимин бузуу жөнүндө чечим кабыл алынды.
Жалпысынан 2025-жылы шаардагы бардык суу коргоо зоналарында 380 объект демонтаждалды, анын ичинен 48 капиталдык курулуш, 332 жеңил типтеги объект. Бул багыттагы иштер улантылууда.



