7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эшигин шоопуруна ачтырган министр коомчулуктун сынына калды (ВИДЕО)

410

Билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева Өзгөн шаарына жасаган иш сапары учурунда унаасынан шоопуру эшик ачмайынча түшпөй отурган учур интернетке тарап, коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү.

Социалдык тармактарда тараган видеодо министр кызматтык унаанын ичинде отуруп, эшикти шоопуру ачкан соң гана сыртка чыкканын көрүүгө болот. Бул көрүнүш көпчүлүк интернет колдонуучулары тарабынан ашыкча пафос жана мамлекеттик кызматкерге туура келбеген мамиле катары бааланды.

Айрым жарандар мамлекеттик кызматтагы жетекчилер элге жөнөкөй, ачык болушу керектигин белгилешсе, башкалары кызматтык протокол бар экенин айтып, ар кандай пикирлерди билдиришти. Учурда аталган окуя боюнча министрликтен же министрдин өзүнөн расмий комментарий берилген жок.

 

411