Бүгүн Бишкекте эттин бааларына көзөмөл жүргүзүү боюнча кезектеги рейддик иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Рейддин жүрүшүндө «Орто-Сай» базарындагы эт сатуучуларга социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларына бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун тартиби түшүндүрүлүп, сөөктүү уй этине болгон чекене баа 1 килограммына 680 сомдон ашпоого тийиш экени эскертилди.
Сатуучулар уй этин дүңүнөн 690-700 сомдон, ал эми кой этин 750 сомдон сатып алып жатышканын айтышты. Этти чекене баада сатууда кыйынчылыктар жаралып жаткандыгы белгиленди. Ушуга байланыштуу эттин дүң жеткирүүчүлөрү тарабынан да бааларды жөнгө салуу зарылдыгы тууралуу маселе көтөрүлдү. Рейддин жүрүшүндө баа белгилеринин жоктугу жана продукцияны белгиленген чектен жогору баада сатуу фактылары аныкталды. Буга чейин «Орто-Сай» базарында баа талаптарын бузгандыгы үчүн жалпы суммасы 29 миң сомду түзгөн 3 протокол түзүлгөн.
Мындан тышкары, Карагул Акмат көчөсү, 35/1 дарегинде жайгашкан «Устукан» дүкөнүнө бааларды жөнгө салуу эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул салынды.



