7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош филармониясынын артисттери дүйнө коомчулугунун кызыгуусун жаратууда

346

Ош облустук филармониясынын «Аалам» фольклордук тобу жана «Адеми» бий ансамбли 13-24-январда Индияда өтүп жаткан XI эл аралык «Рамаяна» фестивалына катышууда. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, Кыргызстандын атынан катышып жаткан чыгармачыл жамааттар өлкөнүн маданий элчилери катары өнөр көрсөтүшүүдө.

Фестивалдын алкагында кыргыз элинин бай тарыхын жана руханий дүйнөсүн чагылдырган улуттук кийимдер, байыркы музыкалык аспаптар, ошондой эле ата-бабалардан мурас болуп келген улуу «Манас» эпосунун негизиндеги көркөм программа сунушталып, дүйнө коомчулугунун кызыгуусун жана жогорку баасын алууда.

Маалымат үчүн: 2025-жылдын октябрь айында Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын «Мөлмөл» эл аспаптар оркестри Индияда өткөн элдик фольклордук аспаптардын IX эл аралык «Рамаяна» фестивалына катышып, жогорку деңгээлдеги өнөрү менен өзгөчөлөнүп, ийгиликтүү жыйынтыктар менен кайтып келген.

347