7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Маданият кызматкерлеринин айлыгы апрелден тарта 2 эсе көтөрүлөт

268

Маданият кызматкерлери эмгек акынын жогорулашын кубаныч менен күтүп жатышат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

«Президент Садыр Жапаров буга чейин маданият тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууну жарыялаган. Айлыктардын көтөрүлүшүнө байланыштуу бизге көптөгөн суроолор түшүүдө. Жалпысынан бул маселе Элдик курултай учурунда да көтөрүлүп, маданият кызматкерлеринин айлыгы 2026-жылдын апрель айынан баштап 100 пайызга жогорулатылат деп чечилген. Учурда биз бул чечимди ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз», — деди Союзбек Надырбеков.

Анын айтымында, буга чейин да эмгек акылар көтөрүлгөн, бирок ал мурдараак жана чектелүү өлчөмдө болгон.

«Узак убакыт бою өтө төмөн айлык менен иштеп келген кызматкерлер бар болчу. Учурда өлкө жетекчилигинин демилгеси менен эмгек акы биринчи жолу эки эсеге көтөрүлүп жатат жана бул абдан жакшы жаңылык», — деп билдирди чиновник.

269