Энергетика министри Таалайбек Ибраев GPRC, NRP жана KCG компанияларынын консорциумунун жетекчилери Константин Пановко жана Александр Онг менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Маалым болгондой, жолугушууда министр өлкөнүн энергетика системасынын акыркы 2-3 жылдагы өнүгүүгө карата жасалган иштери жана ишке ашырылган долбоорлор тууралуу айтып берди.
Аны менен катар министр консорциумдун жетекчилигине Кыргызстандагы көмүр кендерине жылуулук электр станцияларын куруу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.
Консорциумдун жетекчилиги эл аралык стандарттарга ылайык таза көмүр технологиясын колдонуу менен ар бири 350 МВт, жалпы кубаттуулугу 1050 МВт болгон үч ЖЭСти курууну каржылоо ниети бар экенин билдирди. Алар ушундай жылуулук электр станцияларын куруу боюнча тажрыйбасы бар экенин билдиришти.
Алар жаңы технологияларды колдонуу менен көмүрдөн ишенимдүү, таза жана үзгүлтүксүз энергия өндүрө аларын айтышты. Бул үчүн адистер кендерди жана көмүрдүн сапаттык мүнөздөмөлөрүн, анын ичинде күлдүүлүгүн, нымдуулугун, учуучу заттардын, күкүрттүн жана фосфордун курамын, калориялуулугун изилдеп чыгышы керектигин билдирди.
Министр долбоорду ишке ашыруу үчүн консорциумдун адистеринин тобун Кыргызстанга зарыл болгон бардык маалыматтарды изилдөө иштерин жүргүзүүгө чакырып, министрлик тарабынан зарыл болгон колдоолорду көрсөтөөрүн айтып өттү.



