2026-жылдын 19-январында Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол транспортунун инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин алдындагы “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын кызматкерин 1 миллион сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармады. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Муниципалдык ишкананын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн айрым кызматкерлери жасалма тоскоолдуктарды түзүү жана бүткөрүлгөн иштер үчүн каражаттарды которууну кечеңдетүү аркылуу жалпы тендердик баанын 10%ын системалуу түрдө опузалап алгандыгы аныкталды.
Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, МИнин кызматкери кармалып, тергөө абагына камакка алынды.
Учурда муниципалдык кызматкерлердин аракеттерине юридикалык баа берүү, ошондой эле башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.



