7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте кар тазалоо иштери түндө башталып, 95 техника тартылган

24

Бишкекте кар тазалоо иштери 23-январга караган түнү башталган. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.

Көчөлөрдү жана тротуарларды кардан тазалоого «Тазалык» муниципалдык ишканасынан 95 атайын техника тартылган. Анын ичинен:

  • 47 жол машиналары;
  • 3 фронталдык жүктөгүч;
  • 3 лапалуу жүктөгүч;
  • 3 универсалдуу коммуналдык машина;
  • тротуарларды тазалоо үчүн 34 трактор;
  • 5 даана Bobcat техникасы.

Мэр Айбек Жунушалиев ишкананын базасына барып, техника жана кызматкерлердин даярдыгын текшерди. Ал кызматкерлерге коопсуздук эрежелерин так сактоону эскертип, шаар көчөлөрүн жана тротуарларды активдүү тазалоону тапшырды.

«Тазалык» шаар тургундарын жолдордо этият болууга жана мүмкүн болушунча унааларды жол жээгине токтотпоого чакырат, анткени бул атайын техникалардын ишине тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

25