7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто чет элдиктерди «калкалаган» милиция кызматкери кармалды

358

Ошто чет элдиктерди «калкалоого» шектүү милиция кызматкери кармалды. УКМКдан билдиришкендей, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, чет элдик жарандарга системалуу түрдө кысым көрсөтүп, коркутуп келгени аныкталган.

Алардын жумушка уруксаты жок экенин билип туруп, ал алардан «калкалоо үчүн» деп ай сайын 5 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча алып турган. Эгер чет элдик жарандар акчаны берүүдөн баш тартышса, айып пул салып, акыры депортация кылам деп коркутуп жүргөн.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында шектүү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгиленгендей, учурда бул кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды жана алардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнүн, ошондой эле бөлөк фактыларды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары уланууда.

359