7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокатта жылына 100 миң тонна жер семирткич чыгарылат

18

Ноокат районунда органикалык айыл чарба жер семирткичтерин чыгаруучу завод курулууда. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган долбоор «Органикалык жер семирткичтердин технопаркы» деп аталып, курулуш иштери 4 этап менен жүргүзүлөт. Учурда биринчи этаптын курулушу 50 пайызга жакындап, завод курула турган аянтка электр линиялары тартылып, трансформатор орнотулуп жана инвесторлор тарабынан жабдууларды орнотууга шарт түзгөн атайын имарат салынган.

Кытай инвесторлору тарабынан 15 млн долларлык жабдуулар орнотулуп бүтүп калды. Өндүрүштү 2025-жылы ишке киргизүү пландалган, бирок айрым себептерден улам курулуш жумуштары созулуп кеткен.

Бүгүн облус башчысы Аманкан Кенжебаев инвесторлордун өкүлүнөн курулуш иштери боюнча кенен маалымат алып, жаралган маселелерди талкуулады.

Белгилей кетсек, заводдун биринчи этабы ишке кирсе, жылына 100 миң тонна органикалык жер семирткич өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт жана жаңы жумуш орундар пайда болот.

Заводдун жалпы долбоордук наркы — 260 млн доллар.

19