7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

337

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-январда, өлкөнүн ири курулуш компанияларынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү. Талкуунун жүрүшүндө куруучулардын милдеттенмелерин аткарууларына, ошондой эле курулуш тармагын тескеген ченемдик укуктук базадагы карама-каршылыктарды жоюу жана аны өркүндөтүүгө байланыштуу көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү.

Мамлекет башчысы Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге тийиштүү тапшырмаларды берди.

Президент курулуш компанияларынын ак ниеттүүлүк менен иш алып баруусуна өзгөчө көңүл бурду. Ал куруучулардын ачык-айкын жана таза иштеши керектигин баса белгилеп, жарандардын алдындагы милдеттенмелерди бузууга жол берилбестигин айтты. Айрым компаниялардын мыйзам бузуулар менен коштолгон ишмердүүлүгү боюнча мисалдар келтирилди.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров шаар мэрине жана курулуш министрине келип чыккан маселелер топтолуп кетпей, өз убагында чечилип турушу үчүн мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүүнү тапшырды.

338