7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөлүк банк 15 млрд кирешелүү электр энергия рыногун камтыган долбоорду бекитти

5

Дүйнөлүк банк 22-январда Борбор Азия үчүн электр энергия рыногун өнүктүрүүгө жана энергосистемаларды интеграциялоого багытталган 10 жылдык REMIT программасын расмий түрдө бекитти. Долбоор аймакта биринчи жолу бирдиктүү регионалдык электр энергия рыногун түзүүнү көздөйт.

Программа Кыргызстандын жана Тажикстандын гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандын жылуулук электр генерациясын, ошондой эле бардык өлкөлөрдөгү күн жана шамал энергетикасынын потенциалын бир системага бириктирүүнү камтыйт. Азыркы тапта аймак ичиндеги электр энергия соодасы жалпы суроо-талаптын болгону 3 пайызын, ал эми кайра жаралуучу энергиянын үлүшү жалпы өндүрүштүн 4 пайызын гана түзөт.

REMIT программасы төмөнкү максаттарды алдыга коёт:

  • региондор аралык электр энергия соодасын жылына 15 миң ГВт·саатка чейин көбөйтүү;
  • электр өткөрүү линияларынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн 16 ГВтка чейин кеңейтүү;
  • Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергосистемаларына 9 ГВтка чейинки таза энергия кубаттуулуктарын интеграциялоо.

Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Наджи Бенхасиндин айтымында, энергетикалык интеграцияны тереңдетүү 2050-жылга чейин аймак өлкөлөрүнө 15 млрд долларга чейин экономикалык пайда алып келиши мүмкүн. Программанын жалпы каржылоо көлөмү 1,018 млрд доллар деп бааланууда.

Долбоор үч этапта ишке ашырылат: регионалдык рынокту түзүү, энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо жана электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн санарип чечимдерди киргизүү.

Биринчи этапта Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан, ошондой эле «Энергия» координациялык-диспетчердик борбору 143,2 млн доллар көлөмүндө гранттык жана жеңилдетилген каржылоого ээ болот. Анын 140 млн доллары Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы аркылуу, ал эми 3,2 млн доллары Борбор Азия үчүн суу-энергетикалык программасы (CAWEP) алкагында берилет.

Бул этапта болжол менен 900 МВт жаңы таза энергия кубаттуулуктарын кошуу пландалып, натыйжада 700 млн долларга жакын жеке инвестиция тартуу күтүлүүдө. Регионалдык жетекчи комитетке Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетика министрликтери жана тиешелүү мамлекеттик органдар кирет.

6