7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Аалам Строй” курулуш компаниясына 3 млн сом айып пул салынып, иши токтотулду

249

“Аалам Строй” курулуш компаниясына 3 млн сом айып пул салынып, иши токтотулду. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалым болгондой, 17-январда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаадагы бир катар курулуш объектилерине текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүү учурунда “Аалам Строй” ЖЧКсына таандык Анкара көчөсү 2, 3/6 жана 3а даректеринде курулуп жаткан турак жай комплексинин ондон ашык блогу боюнча бир катар курулуш мыйзамдары жана техникалык коопсуздук эрежелери бузулгандыгы аныкталган. Ошондой эле компания объекттин курулуш этаптарын жеке лабораторияларда текшерткендиги белгилүү болгон. Мындан тышкары, курулуш объектисиндеги блоктор мыйзамсыз түрдө үлүш ээлерине пайдаланууга берилгени аныкталган.

Натыйжада, “Аалам Строй” ЖЧКсына карата комплекстин ондон ашык блогу боюнча салынган айып пулдардын суммасы 3 млн сомду түзүп, 20-январь күнү компаниянын лицензиясын токтотуу маселеси комиссиянын отурумунда каралды.

Комиссиянын чечими менен “Аалам Строй” ЖЧКсынын лицензиясы 90 күнгө токтотулду.

250