7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Зомбулукка кабылгандар үчүн акысыз 5200 ыкчам номери иштей баштады

33

Кыргызстанда зомбулуктан жабыркагандар жана адам сатуунун курмандыктары үчүн «5200» ыкчам линиясы ишке кирди.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, аталган социалдык долбоор үй-бүлөлүк зомбулукка жана адам сатуунун курмандыктарына кабылган аялдарга жана кыз-келиндерге жардам көрсөтүүгө багытталган.

«5200 номерине чалуу аркылуу ар бир жаран акысыз, анонимдүү жана купуя жардам ала алат», — деп айтылат маалыматта.

Линияда зомбулукка байланышкан маселелер, кризистик кырдаалдар жана психологиялык колдоо боюнча атайын даярдыктан өткөн кесипкөй психологдор жана консультанттар иштешет.

Ыкчам линия суткасына 24 саат, жуманын 7 күнү, өлкө аймагында бардык мобилдик операторлор аркылуу жеткиликтүү.

Ыкчам линиянын негизги багыттары:

  • зомбулуктун жана эксплуатациянын курмандыктарына психологиялык колдоо көрсөтүү;
  • жабыркагандардын укуктарын коргоо жана жеткиликтүү кызматтар тууралуу маалымат берүү;
  • коопсуз жайга, медициналык жана юридикалык жардамга кайрылуу жолдору боюнча кеңеш берүү;
  • зомбулукка күбө болгон адамдарга жана жабыркагандардын жакындарына колдоо көрсөтүү.
34