7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанга капчыкка ыңгайлуу мамлекеттик лабораториялар курулат

362
Кыргызстанда мамлекеттик лабораторияларды куруу пландалууда. Анда анализдер жеке лабораторияларга караганда арзаныраак болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Айбек Маткеримов парламентте билдирди.
Анын айтымында, бул лабораториялар ири шаарларда жана облустук борборлордо жайгаштырылат.
“Бүгүнкү күндө жеке лабораторияларда клиникалык анализдер өтө кымбат баада жүргүзүлүп жатат. Ал эми мамлекеттик лабораторияларда камсыздандырылган адамдар (ММК полиси менен) негизги анализдерди акысыз тапшыра алышат. Башка түрдөгү анализдер болсо арзаныраак болот”, — деди Маткеримов.
Анын айтымында, мамлекеттик ооруканаларда кымбат баалуу жабдыктар көп учурда бош турат. Алар жетиштүү деңгээлде колдонулбайт, ал эми оңдоп-жөндөө үчүн керектүү бөлүктөр да кымбатка турат.
“Эми бүт система бир жерде борборлоштурулат”, — деп кошумчалады министрдин орун басары.
Буга чейин саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Кыргызстанда бирдиктүү мамлекеттик лабораториялар системасы түзүлөрүн билдирген. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте заманбап мамлекеттик референстик лабораториянын долбоорун иштеп чыгууда. Анда жогорку технологиялык жабдуу, өнүккөн логистика жана санариптик инфраструктура каралган.
363