7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жасалма документ, жалган маалымат: Ош облустук сотунун кызматкерлери кармалды

333

Ош облустук административдик сотунун кызматкерлери документтерди жасалмалоо жана соттун аппаратына жалган кызматкерлерди жумушка орноштурууну уюштурушканы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык , сот кызматкерлери «өлүк жандарды» жасалма жол менен жалдоо схемасын уюштурушкан жана жеке кызыкчылык үчүн документтерди жасашкан.

Тергөөнүн маалыматы боюнча  кызматкерлер эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү менен мыйзамсыз материалдык пайда алуу максатында кылмыштуу кутумга барганы аныкталды.

Алардын кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген, сот бийлигинин кадыр-баркына доо кеткен.
Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, Ош облусунун административдик сотунун аппаратынын Канцелярия башчысы жана жооптуу кызматкерлери кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Кылмыш иши козголуп Ош облусунун административдик сотунун аппаратынын Канцелярия башчысы жана жооптуу кызматкерлери кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

 

 

 

 

334