Быйыл сентябрдан тарта окуучуларга жол эрежелери боюнча сабак кирет. “Эмдиги жылдан тарта мектеп бүтүрүүчүлөрү түз эле сынакка кирип, өтүп кетсе айдоочулук күбөлүгүн алат”, — деди Садыр Жапаров “Кабарга” берген маегинде.
Ал эми мектеп жашынан өтүп кеткендер жаңы ачыла турган мамлекеттик автомектептерден үйрөнөт.



