7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Криштиану Роналду карьерасын качан жыйынтыктары айтылды

377

Сауд Арабиясынын «Аль-Наср» клубу жана Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду 2027-жылдын жайында профессионалдык футболдон кетүүнү ойлонуп жатат. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.

Журналист Бен Джейкобстун маалыматы боюнча, 40 жаштагы футболчу «Аль-Наср» менен 2027-жылдын 30-июнунда бүтө турган учурдагы келишимин толугу менен аткарууну пландап жатат, андан кийин ал футболдон кетиши мүмкүн.

Ошол эле учурда «Аль-Наср» жетекчилиги Роналдуну сактап калууну көздөп жатат жана келишимин жок дегенде дагы бир сезонго узартууга даяр. Эгер португалиялык оюнчу макул болсо, клуб анын биргелешип ээлик кылуу үлүшүн 15 пайызга чейин көбөйтүүгө даяр экени кабарланууда.

Эске салсак, Криштиану Роналду 2023-жылдан бери «Аль-Наср» үчүн ойноп келет. Ал мурда «Манчестер Юнайтед», «Реал Мадрид» жана «Ювентус» клубдарында ойногон. Чабуулчу беш жолу Чемпиондор Лигасынын титулун жана беш жолу «Алтын топ» сыйлыгын жеңип алган, бул аны дүйнөлүк футбол тарыхындагы эң көп сыйлык алган футболчулардын бири кылган.

378