Быйыл февраль айында Кыргызстандын аймагында абанын табы адаттан тыш жылуу күтүлүүдө. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын орточо айлык температурасы климаттык нормадан 1-2 градуска жогору болот деп болжолдонууда. Ошол эле учурда жаан-чачындын көлөмү нормадан төмөн болушу күтүлөт.
Белгиленгендей, февраль айында абанын табы +15…+20 градуска чейин көтөрүлүшү өзгөчө көрүнүш эмес. «Аба ырайынын мындай кубулушу бир мезгилден экинчи мезгилге өтүп жаткан учурга мүнөздүү көрүнүш . Муну менен катар, аба ырайынын кыска мөөнөттүү болжолдоруна жараша маалыматтар күн сайын жаңыланып турат», — деп билдиришти синоптиктер. Айрым аймактарда, айрыкча Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз абанын табы айрым күндөрү +15…+20 градуска чейин жогорулашы мүмкүн. Ошондой эле жылуу аба ырайы тоо этектериндеги райондордо да байкалышы ыктымал, бирок түнкүсүн температура мурдагыдай эле нөлдөн төмөн түшөт. Түндүк аймактарда жана тоолуу өрөөндөрдө салыштырмалуу суук болот, бирок климаттык нормадан жогору болушу күтүлүүдө.
Чүй облусунда
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° жогору болуп, 0…2° жылуу болушу, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -1…-3° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10° сууктан 0…5° жылуулука чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, күндүз -2° суук …+3° жылуулуктан 8…13° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир күндөрү абанын температурасы күндүз 15…20° жылуулука чейин жогорулашы мүмкүн.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -8…-13° сууктан -3° суук …+2° жылуулукка чейин, күндүз 0…-5° сууктан 5…10° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир күндөрү абанын температурасы күндүз 12…17° жылуулука чейин жогорулашы мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан төмөн болушу күтүлөт (норма: Чүй өрөөнүндө 32-37 мм, тоо этектеринде 18-29 мм).

Талас облусунда
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° жогору болуп, -1° сууктан… +1° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -7…-12° сууктан -2° суук …+3° жылуулука чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, күндүз -3° суук …+2° жылуулуктан 7…12° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир күндөрү абанын температурасы күндүз 15…20° жылуулука чейин жогорулашы мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан төмөн болушу күтүлөт (норма: 21-23 мм).

Ош облусунда
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° жогору болуп, 1…3° жылуу болушу, тоо этектеринде -1° сууктан… +1° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4…-9° сууктан 1…6° жылуулука чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан 10…15° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир күндөрү абанын температурасы күндүз 16…21° жылуулука чейин жогорулашы мүмкүн.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -7…-12° сууктан -2° суук …+3° жылуулука чейин, күндүз -2° суук …+3° жылуулуктан 8…13° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир күндөрү абанын температурасы күндүз 14…19° жылуулука чейин жогорулашы мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан төмөн болушу күтүлөт (норма: өрөөндөрдө 43-69 мм, тоо этектериндеги райондордо 33-39 мм).
Жалал-Абад облусунда
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° жогору болуп, 1…3° жылуу болушу, тоо этектеринде -1° сууктан… +1° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4…-9° сууктан 1…6° жылуулука чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан 10…15° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир күндөрү абанын температурасы күндүз 16…21° жылуулука чейин жогорулашы мүмкүн.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -7…-12° сууктан -2° суук …+3° жылуулука чейин, күндүз -2° суук …+3° жылуулуктан 8…13° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир күндөрү абанын температурасы күндүз 14…19° жылуулука чейин жогорулашы мүмкүн.
Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10° сууктан -3° суук…+2° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу, күндүз -3° суук…+2° жылуулуктан 4…9° жылуулука чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан төмөн болушу күтүлөт (норма: өрөөндөрдө 56-58 мм, тоо этектериндеги райондордо 59-97 мм, Токтогул районунда 31-33 мм).
Баткен облусунда
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° жогору болуп, 1…3° жылуу болушу, тоо этектеринде -1° сууктан… +1° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4…-9° сууктан 1…6° жылуулука чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан 10…15° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир күндөрү абанын температурасы күндүз 16…21° жылуулука чейин жогорулашы мүмкүн.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -7…-12° сууктан -2° суук …+3° жылуулука чейин, күндүз -2° суук …+3° жылуулуктан 8…13° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир күндөрү абанын температурасы күндүз 14…19° жылуулука чейин жогорулашы мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан төмөн болушу күтүлөт (норма: өрөөндөрдө 17-19 мм, тоо этектериндеги райондордо 41-43 мм).

Ысык-Көл облусунда
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° жогору болуп, 0…-2° суук, чыгышында -2…-4° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -7…-12° сууктан 0…-5° суукка чейин, күндүз -4° суук …+1° жылуулуктан 3…8° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан төмөн болушу күтүлөт (норма: 3-14 мм, чыгышында 20-22 мм).

Нарын облусунда
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° жогору болуп, -8…-10° суук, Кочкор районунда -2…-4° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -13…-18° сууктан -2…-7° суукка чейин, кээ бир түндөрү -21…-26° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн, күндүз -5…-10° сууктан 0…5° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Кочкор районунда абанын температурасы түнкүсүн -13…-18° сууктан -2…-7° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир түндөрү -3° суук …+2° жылуулука чейин жогорулашы мүмкүн, күндүз -3° суук …+2° жылуулуктан 5…10° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан төмөн болушу күтүлөт (норма: 2-14 мм).

Алай өрөөнү
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° жогору болуп, -11…-13° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -14…-19° сууктан -5…-10° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир түндөрү абанын температурасы -20…-25° чейин төмөндөшү мүмкүн, күндүз -11…-16° сууктан -1…-6° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан төмөн болушу күтүлөт (норма: 24-26 мм).
Чаткал өрөөнү
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° жогору болуп, -9…-11° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -11…-16° сууктан -2…-7° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир түндөрү абанын температурасы -17…-22° чейин төмөндөшү мүмкүн, күндүз -1…-6° сууктан 3…8ׄ° жылуулука чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан төмөн болушу күтүлөт (норма:51-53 мм).
Суусамыр өрөөнү
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° жогору болуп, -15…-17° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -17…-22° сууктан -7…-12° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир түндөрү абанын температурасы -27…-32° чейин төмөндөшү мүмкүн, күндүз -6…-11° сууктан -2° суук… +3° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан төмөн болушу күтүлөт (норма: 17-19 мм).



