4-5-февралда Бишкек шаарында Борбор Азия өлкөлөрү менен Америка Кошмо Штаттарынын «B5+1» бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Бизнес форум Эл аралык жеке ишкердик борбору (CIPE) менен биргеликте министрлер кабинети тарабынан уюштурулууда.
Белгиленгендей, B5+1 форуму Борбор Азия – АКШ дипломатиялык форматынын алкагындагы негизги бизнес-платформа болуп саналат.
Форумга Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы аймактык диалогду өнүктүрүүгө кызыкдар болгон жеке сектордун, бизнес-ассоциациялардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү чакырылат.



