7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мугалимдерге бергиле… Ош мэри «Жетиген» мектебиндеги тамак-ашты текшерди (ВИДЕО)

187

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте «Жетиген» мектебинде болуп, мекемеде түзүлгөн шарттар менен таанышты. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө шаар мэри мектептин ашканасында окуучулар үчүн даярдалган тамак-аштын сапатсыз даярдалгандыгына байланыштуу нааразычылыгын билдирип, жооптуу тараптарга тиешелүү чараларды көрүү керектигин айтты.

Мындан тышкары, шаар мэри аталган билим берүү мекемесинин аймагындагы коммерциялык объекттин курулушунун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарынын мэри билим берүү мекемелеринин аймагындагы жерлерди коргоо, ошондой эле мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө боюнча иштер күчөтүлөрүн билдирген.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

188