7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментине 30 унаа берилди

229

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментине жаңы үлгүдөгү 30 даана кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Унааны транспорт министри Абсаттар Сыргабаев тапшырып, унаалар Турукташтыруу фондунун эсебинен алынганын жана алар кызматтык иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында берилгенин билдирди.

Ошондой эле министр кызматкерлерди жаңы техникага этият мамиле кылуу менен кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде аткарууга чакырды.

Белгилей кетсек, ата мекендик «Tulpar Motors» заводунан чыккан унаалар буга чейин «Кыргызавтожол-Түндүк», «Кыргызавтожол-Түштүк» жана «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо-изилдөө институтуна да тапшырылган. Аталган унаалар Жол тейлөө ишканалардын өз каражатынын эсебинен, бөлүп төлөө жолу менен сатып алынган болчу.

230