Ишкердик субъекттерге салык контролун жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду.
Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда, “Ишкердик субъекттерге салык контролун жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Жарлыктын максаты ишкердик субъекттердин ишин колдоо жана дем берүү, экономиканын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, бизнестин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле ишкердик субъекттердин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүсүнө жол бербөө болуп саналат.
Жарлык менен салык мыйзамдарында белгиленген тартипте салык органдарында катталган ишкердик субъекттерге төмөнкүлөрдү кошпогондо, салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү салык контролун жүргүзүүгө 2026-жылдын 31-декабрына чейин мораторий киргизилүүдө:
– көчмө тематикалык, пландык жана утурлама текшерүүлөрдү;
– ишкердик субъекттин арызы боюнча уюмду жоюуда жана/же жеке ишкердин ишин токтотууда текшерүүнү;
– камералдык текшерүүнү;
– рейддик салык контролун жана жалпы салык режими же 2, 3, 4, 6 жана 8 пайыздык ставкалар боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык төлөөчүлөргө салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча иш жүргүзүүчү ишкердик субъекттеринин, ошондой эле зергер буюмдарын жана товарлардын акциздик топторун өндүрүүнү жана/же сатууну жүзөгө ашырган ишкердик субъекттеринин контролдук-кассалык машиналарын колдонуу тартибин сактоосуна салык контролун.
Бул Жарлык күчүнө кирген датага карата аягына чыкпаган жана токтотуп турулган көчмө текшерүүлөр Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте аякталууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы салык жана салыктык эмес түшүүлөрдүн болжолдуу көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшүнө жол бербөө максатында текшерүүлөрдүн планына негиздүү киргизүү үчүн тобокелдикке багытталган ишкердик субъекттерди табуу боюнча аналитикалык ишти күчөтүү тапшырмасы коюлду.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынан кылмыштын белгилерин көрсөткөн жетиштүү маалыматтар жок болгон учурда ишкердик субъекттерге карата пландан тышкаркы салыктык текшерүүлөрдү демилгелөөгө багытталган кылмыш иштерин козгоого жол бербөө талап кылынат.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.



