29-январда УКМКнын штаб-квартирасында УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин катышуусунда улуттук коопсуздук органдарынын 2025-жылга карата оперативдик жана кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга арналган коллегиялык жыйын өттү.
Жыйынга УКМКнын борбордук, линиялык жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Отчёттук мезгилде мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө, кызмат адамдарынын мыйзамсыз ишмердүүлүгүн аныктоого жана алдын алууга, ошондой эле мамлекеттик түзүмдөрдөгү коррупциялык элементтерди жок кылууга өзгөчө көңүл бурулду. Андыктан жемкорлукка каршы күрөшүү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыгы бойдон кала берери жана системалуу, институционалдык негизде ишке ашырылып жатканы баса белгиленди.
Акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөшүү чараларынын жана тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 352 миллиард сом (4,14 миллиард АКШ долларына барабар) каржылык активдер, мамлекеттик мүлк, жер участоктору жана башка материалдык баалуулуктар түрүндө кайтарылып берилгени маалымдалды.
Көрсөтүлгөн каражаттар толугу менен Президенттин Турукташтыруу фондунун атайын эсебине которулган жана Мамлекет башчысынын жеке буйругу менен гана социалдык жактан маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана республиканын жарандарынын бакубат жашоосун жогорулатууга жумшалат.




