Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда эки өлкөнүн элчиликтеринин муктаждыктары үчүн Бишкек жана Астана шаарларындагы имараттарды жана жер тилкелерин бири-бирине акысыз пайдаланууга берүү жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда жактырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди.
Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдиргендей, мыйзам долбоорунда келишимди юридикалык жактан бекитүү сунушталууда.
«Казакстан тарап Астана шаарынан Кыргызстандын элчилигинин жаңы имаратын куруу пландалып жаткан 12 сотых жери менен жалпы аянты 1267 чарчы метр болгон имаратты 49 жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга берет. Биз өз кезегинде Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан, учурда Казакстандын элчилиги турган 75 сотых жер тилкесин жана «Ала-Арча» турак жай комплексиндеги аянты 531 чарчы метр болгон коттежди өткөрүп бердик», — деди ал.



