7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жээнбек Кулубаев БУУнун туруктуу өкүлдөрү менен жолугушту

19

Министр Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга кезектеги сапар менен келген Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы тогуз чет мамлекеттин туруктуу өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, ТИМ башчысы Андорра, Габон, Гайана, Гватемала, Гвинея-Бисау, Намибия, Сент-Китс жана Невис, Чад жана Түштүк Судан мамлекеттеринин БУУдагы элчилерине өлкөдө жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык өнүгүү жаатындагы масштабдуу реформалар тууралуу маалымат берип, Кыргызстандын жетишкендиктерине кеңири токтолду. Ошондой эле 2026-жылы өтө турган маанилүү эл аралык иш-чаралар — ШКУнун Саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндө баяндап берди. Министр Ж. Кулубаев Кыргызстан үчүн Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, уюм өлкөнүн тышкы саясатында борбордук орунду ээлей турганын билдирди, ошондой эле Кыргызстандын демилгелери жана БУУга мүчө башка мамлекеттер менен өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулады.

Өз кезегинде туруктуу өкүлдөр Кыргызстан тарабынан глобалдык демилгелерди илгерилетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүккө жогору баа беришти. Атап айтканда, климаттын өзгөрүшү, тоо күн тартиби, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, туруктуу өнүгүү, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелериндеги салымын белгилешти. Ошондой эле Кыргызстан менен көп тараптуу да, эки тараптуу форматта да кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, дүйнөдөгү геосаясий абал, Борбор Азиядагы кызматташтык жана башка глобалдык маселелер боюнча пикир алмашты.

Программанын алкагында элчилер кышкы туризм объектилерин, алдыңкы технологиялар жаатында тажрыйба алмашуу максатында бир катар мамлекеттик мекемелерди, ошондой эле БУУнун Үйүн жана өлкөнүн тарыхый-маданий көрнөктүү жайларын зыярат кылышты.

 

20