Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, лицензиялануучу иштин түрлөрүн мамлекеттик жөнгө салуу системасын өркүндөтүү, колдонуудагы лицензиялоо тартибинин натыйжалуулугун баалоо, оптималдуу уюштуруучулук-укуктук чечимдерди иштеп чыгуу максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдын 31¹-беренесине ылайык, КР Конституциясынын 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
1. 2026-жылдын 30-январынан тартып 2026-жылдын 30-августуна чейин автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча апробациялык режим киргизилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
– апробациялык режим мезгилинде автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууга жеке менчик билим берүү уюмдарына (автомектептерге) мурда берилген лицензиялардын колдонулушу токтотулуп турат деп;
– апробациялык режим мезгилинде билим берүү иши мамлекеттик автомектептер тарабынан жүргүзүлөт деп.
3.Президенттин Иш башкармалыгына:
– апробациялык режимдин жыйынтыгы боюнча президенттин администрациясына Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун киргизсин;
– ушул жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4.Жарлыктын аткарылышын контролдоо президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5.Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 30-январынан тартып күчүнө кирет.



