7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

8000 доллар пара талап кылган милициянын подполковниги колго түштү

6394

Криминалдык полиция кызматынын аймактар ​​аралык башкармалыгынын (МРУ) жана Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери, кылмыш ишин жаап берүүнү убада кылып 3800 доллар жана 340 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кече, 21-апрелде билдирди.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, милициянын капитаны А.А., УМОО СБНОНдун өзгөчө маанилүү иштери боюнча улук оперативдүү кызматкери, милициянын подполковниги А.Н. жана алардын жарандык шериги Т.Б. үчөө кылмыш ишин кыскартуу жана арыз ээсинин тууганын СИЗОдон бошотуу максатында 8000 доллар талап кылышкан.

ИИМдин ички иликтөө кызматына арыз менен кайрылган жарана, инисине карата козголгон кылмышты жаап берүү үчүн аталган кызматтын кызматкерлери андан 5000 доллар пара талап кылып жатканын кабарлаган.

21-апрелде бул факт КЖБРда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту («Пара талап кылуу») менен катталган.
Учурда алар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөө иш-чарасында башка шектүүлөрдүн өздүгү аныкталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6395