7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик тил саясатындагы жаңы кадам: «Кыргызтестте» эл аралык тест пункту ачылды

24

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев бүгүн, 30-январда президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга караштуу “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин базасында эл аралык компьютердик тест пунктунун салтанаттуу ачылышына катышты.

Ачылыш аземине ошондой эле президенттин администрациясынын, министрлер кабинетинин, Жогорку Кеңештин, National Educational Network (NEN) эл аралык компаниясынын, Улуттук илимдер академиясынын, президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Мамлекеттик катчы иш-чаранын жүрүшүндө «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин базасында эл аралык компьютердик тест пунктунун ачылышы мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруудагы маанилүү кадам экенин белгиледи.

Иш-чаранын алкагында эл аралык компьютердик тест пунктунун ишмердүүлүгү, анын техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана эл аралык кызматташтыктын алкагындагы негизги багыттары жөнүндө презентация көрсөтүлдү. Катышуучулар тесттен өтүү процесси менен таанышты.

“Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин базасында ачылган эл аралык компьютердик тест пункту жарандарга заманбап талаптарга жооп берген тестирлөө кызматтарын көрсөтүүгө, ошондой эле мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде таанылган баалоо механизмдерин ишке ашырууга багытталган.

25